Бүгүн, 21-октябрда Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев Чүй жатак-мектебинде дзюдо залынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында ал интернаттын ишмердүүлүгү жана тарбиялануучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Иш-чарага Чүй районунун акиминин орун басары Айгүл Идинова жана Чүй облусунун дзюдо федерациясынын президенти Эмилбек Абдралиев да катышты.
Жаштар арасында спортту өнүктүрүү жана дзюдого болгон кызыгууну арттыруу максатында Спорт агенттиги жатак-мектепке дзюдо үчүн татамилерди жана кимоно тапшырды.
Залдын ачылышына карата уюштурулган турнирге Чүй районунан 150 жаш спортчу катышты. Алар мелдеште өздөрүнүн даярдыгын, тартибин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.