ЭЛДИК КАБАР: "Ош" эл аралык аэропортунда отургучтар жок, каттам кармалганда эл кыйналат" дейт окурман

Бүгүн, 6-январда Ош шаарындагы эл аралык аэропортто коюу туманга байланыштуу Ош-Бишкек каттамдары кармалууда. Бул тууралуу "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.

"Аба ырайына байланыштуу каттам кармалып жатат. Бул туура эле, элдин коопсуздугун ойлоп жатышат деп түшүнөбүз. Бирок мындай кырдаал аэропортто болуп турган көрүнүш болгондон кийин жүргүнчүлөргө шарт түзүлүш керек да. 3-4 сааттап адамдар туруп турабыз, эң жөнөкөй эле отургучтары толук эмес. Күткөндөрдүн 30-40 пайызы эле отурбаса, калганына отургуч жетишпейт. Эл аралык аэропорт эл аралык стандартка ылайык иштеш керек да", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Dalil
2018-01-06 12:47:24
Сапар Исаков бул аэропортко да бир барышы керек экен. Мүмкүн Манас аэропортуна окшоп оңолуп калаар. Ооба мен да бир жолу Москвадан Ошко түшкөм. Ошондо көргөн элем экинчи борбордун аэропортун. Анда абалы өтө начар болчу. Тейлөөсү да начар. Түшкөн пайданы чөнтөкө эле ура бербей аэропортко да бир бөлүгүн жумшап турса, ит ыйлаган деңгээлге түшүп кетпесе керек эле. Өнүккөн өлкөлөрдө түшкөн пайданын көбүрөөгүн реклама менен абалын жакшыртканы жумшаса бизде тетирисинен.
+4
ikitaidesu
2018-01-06 13:03:49
Кыргызстан да жылтыратып кафель басылган, мен Шереметьево до он саат күткөм жерге эле отурасың.Жерге паласпы, килемби салынган. Кыш болчу. Жылуу, жарык дегендей. Отургучтар бар бирок аз. Мага окшоп жерде о
+2
ikitaidesu
2018-01-06 13:04:18
Мага окшоп жерде отурган ошончо адам
0
dasta
2018-01-06 13:10:41
Танга мал оштон бишкеке учкан учак бишкеке коно албай кайра ошко келип конуптурго бишкекте туман болуп
+1
KG.Kushtarbek
2018-01-06 13:56:22
Мен былтыр учканымда задешка болуп Очургучтар бошогон емеселее
-2
gute
2018-01-06 14:23:48
Туура биз го жаштар туруп турсак эчтеке деле болбойт. Кары-картан, балалууларга кыйын эле болуп кетет кечке туруп турса
0
Shef87
2018-01-06 15:33:28
Домодедоводо деле до регистратсия стол коп коюлган эмес жетишпейт тик турасын болбосо ошолордо акча жокпу. Ош деп эле жамандай берсенер боло берет бекен.
-4
KG.Kushtarbek
2018-01-06 15:57:43
Shef87, 2 этажына чыккансынбы
+4
Shef87
2018-01-06 20:27:49
KG.Kushtarbek,Домодедовонун экинчи этажы канча акчага буткон канча кишини тейлейт билесинби анан ошол оруссядай чон державага алакандай кыргызстанды салыштыргын келип атабы
0
orozova
2018-01-06 15:59:00
Бир жума мурун мен учуп келгем бизден мурда бир реис задершка болуп кеч конгон экен 2самолеттогу адамдарды 3эле сатрудник текшерип атыптыр.Анан мен суротко тартып атсам мени тартпа деп тел суротту очур деп 2сатрудниктери келип телефонуму талашты.Балалуларды откозуло десем суротту очуросун анан отосун деп туруп алышты.Балдарым бар эле айла жок очуруп биринчи оттуп кеттим.Жукторду оло ыргытышат экен.
+4
Too-tash
2018-01-06 16:53:29
Ар бирибиз самолет менен учаарда билет сатып алабыз. Ошол билеттин баасы кайдан куралат деп кызыгып кордунор беле?!

Авиабилеттин баасынын бир болугу авиакомпания койгон баа болсо, экинчи болугу аэропорттор чогултуучу ар кандай толомдордон турат. Мисалы 10 минге билет сатып алсан, ошол акчанын бир болугу, менимче кеминде эле 1000-2000 сому аэропортко берилет...

Бир Ош шаарында эле ар куну кеминде 10-15 самолет учуп, дагы ошончосун кабыл алат.
+1
aika0906
2018-01-07 00:12:46
Too-tash, кеминде 1000-2000с калбайт. аэропортовый сбор 15долл эле. буд деген 1050сом эле калат аэпортко. бирок ошол акча эл айткандай прямой барып баары бюджетке тушпойт да..жей тургандардан ашканы калат
0
Too-tash
2018-01-06 16:56:41
Ошондо ошончо акчалар кайда кетип жатат ыя?!! Адашпасам ар куну аэропортко кеминде 1-2 миллион сом тушот. Ошол акчалар кайда кетип жатат?!! Ошол акчаларга Ош аэропортун заманбап кылып озгортуп, шарттарын жакшыртса болот го?!!
+1
Nurbol
2018-01-06 19:41:35
Билеттин баасын арзандата албаган, аэропорттун тейлоосун жакшыртпайбы... Кызматкерлери да орой мамиле кылышат менчик иш канасындай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан