ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндө өткөн аламан улак тартышта унаа, төө, топоз, жылкы, уй, тай байгеге сайылды" дейт окурман

"Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында чоң улак тартыш өттү. Аламан улак тартышка бир нече ири байгелер сайылды", - деп кабарлады окурман бүгүн, 7-январда WhatsApp аркылуу.

Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, жергиликтүү тургундардын бири атасынын ашын берип, катарлаш аламан улак уюштурган.

"Улак тартыш кечээ, 6-январда өтүп ага белгилүү улакчылар Манас Ниязов, аймакка белгилүү Жаныш, Таалай аттуу улакчылар келип оюн жогорку деңгээлде, кызуу жүрдү. Көрүүчүлөр да, улакка түшкөндөр да абдан көп болду. Байгеге Жигули унаасы, төө, уй музоосу менен, топоз, торпок, 2 тай жана ээр токуму менен 1 жылкы сайылды", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Daak9091
2018-01-07 15:48:29
Атасынын турусундо ушундай той берди бекен? Атасынын турусундо мекеге алып барды бекен? Атасынын турусундо ыразычылыгын алды бекен? Эгер ушуларды кылган болсо анда кудайым сага да ыразы атан да ыразы,Анда бул откоргон тойюу тура эле куран тушуруп элдин батасын алса амин
+6
meni_kut
2018-01-07 16:12:00
Daak9091,тируусундо дечи
+9
aidai9594
2018-01-07 15:54:53
Кун сайын жоноткондой суйлодунорго. Окубасанар жон эле отуп кеткилечи! Ансыз деле кунун кылмыш, кырсык жазылат. Мактанса мактангыдай эле оюн болуптур.
0
aikokul14
2018-01-07 16:08:08
Болду эми урушпагыла,ажыраштырбай койом,бактылуу болуп жашайлы.
+7
Ni9z96
2018-01-07 16:53:09
Жумурткадан кыр издегенди олло жакшы коробуз да
+1
Omuur94
2018-01-07 17:21:38
Сайылды дептир го:)
+2
jemile
2018-01-07 17:40:57
Колуңардан келсе бергиле...Бар экен берип атат, бир нерсе болсо эле жокторго бериш керек дегенди кыйын айтышат, какшанбай бар бере бергиле, бирөөгө акыл үйрөтпөй...бардык жакшылык иштин жаманы жок,токчулук, барчылык боло берсин...

Тема боюнча, илгерки салтты улап атага аш берүү аземи милдеттүү түрдө берилет...
0
Too-tash
2018-01-07 18:13:39
jemile, аш беруу жакшы же жаман деген эч ким жок... Колунан келсе бере берсин, кааласа ар ай сайын берсин...

Кеп ошол аш-тойлорду жанылык деп "элдик кабарга" жоноткондордо...

Ар куну кеминде 50-100 аш отот Кыргызстан боюнча... Ошонун хотя бы 10-20сын кун сайын "Сонку кабарларга" жарыялоочу болушса, окурмандар жанылык окуйбу же ким атасына аш бериптир, аламан улактын байгесине канча эшек сайыптыр, ошону окуйбу?!!
+7
jemile
2018-01-07 18:47:25
Too-tash, Ай билбейм ай, илгери дөң-дөңдөрдө эле той-топур болуп, көк бөрү, андан башка түркүн ат оюндары өтүп, бел ашты кыр ашты чакырылып эле кыргыз эли жашап келген(үркүн, ачарчылык, бийлердин элди кыйноосу тууралуу айтпаганда) бул канда бар... Жаңылыкка келсек, күндө "эшек" коюп аш берди дегенди окуй элекмин мен, Ошто, Чүйдө бир машине оодарылып кетти дегенден көрө, ушул жаңылык деп 'лично' мен эсептейт экем... Ат оюндарына кызыкпагандарга бул жаңылык эместир баллллким!!!(ИМХО)
-1
aman0296
2018-01-07 17:44:09
Жон эле акчаны чачыптырго
+2
Khabib
2018-01-07 22:30:19
Колунардан келсе силерда берсенер бул жака чыгарат анан биз пикир жазалы а жакшы адам экен эл топтоп кыргыздын оюнун отткоруп жатат аман болсун деп жакшы создорду айтабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан