ЭЛДИК КАБАР: “Ала-Бука районунда шамалдан жабыркагандарга жөнөтүлгөн шифер өз баасында сатылган жок” дейт окурман

“Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылында шамалдан жабыркагандарга жөнөтүлгөн шифер өз баасында сатылган жок”, - деп бүгүн, 8-январда окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.

Анын айтымында, шифердин бир даанасы 270 сомго сатылган. “Өкмөт шамалдан жабыркагандарга жардам болсун деп жол кире баасын коштурбай шифер жеткирген. Шифердин бир даанасы 260 сомдон сатылышы керек болчу. Бирок үстүнө 10 сомдон кошулуп сатылган. Ызы-чуу болгондон кийин шифер кайрадан өз баасында сатыла баштаган. Эл жергиликтүү бийликке нааразы болуп жатат”, - дейт окурман.

Эске салсак, 27-декабрда болгон катуу шамалдан жабыркаган айылдарга 2-январда шифер жөнөтүлгөн.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adiletia
2018-01-08 11:52:15
А эмне үчүн бекер беришпейт. Табигат кырсыгынан жапа чеккендерге бекер берсе болмок
-1
Daak9091
2018-01-08 12:25:12
Макул жок дегенде 100сомдон бербейсинерби итак эле мчс самолеттун акчасын жединерго
0
Dastanke2014
2018-01-08 14:15:27
Жардам берсе рахмат айткандын ордуна не дейт. 260 сом Кантта заводдо ушул баа экен го. Уйундун жанына алып барып берсе, Эми кагып бербей жатат деп жаз.
-3
Nendi15
2018-01-09 12:04:37
Айбандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан