"Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук ооруканасында бир дагы кулак-мурун дарыгери жок. Бул жерге райондун айылдарынан бейтаптар келишет, бирок убара болуп кайра башка шаарларга барууга аргасыз болушат", - деп жазат окурман "Элдик кабарга" Whats'App аркылуу.
Ал белгилегендей, райондук оорукананын башкы дарыгери кулак-мурун дарыгери качан алына тургандыгы азырынча белгисиз экенин билдирген.
"Кара-Кулжа районундагы бейтапканада да, ооруканада да кулак-мурун дарыгерлери жок. Район боюнча бир дагы кулак-мурун дарыгеринин жоктугун кантип түшүнөбүз? Бул ооруканага адамдар балдары менен айылдардан келип убара болууда. Бейтаптар Ош шаарына же Өзгөн шаарына барганга аргасыз. Бул эл үчүн убара жана чыгым. Оорукананын директору дарыгердин качан болору тууралуу суроолорубузга оңдуу да жооп берген жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.