ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр жүрүп отуруп бордюрларга такалат. Логика кайда?"

"Бишкек шаарындагы айрым жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү белгилеп чиердин алдында кичине логикага салып коюшса". Мындай оюн окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирди.

"Бишкек шаарындагы Гагарин көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жай жүрүп отуруп бордюрга такалат. Жолду кесип өткөн соң, аллеяга өтүш үчүн бордюрду аттап өтөсүң. Баланы коляскага сүйрөп өткөндө кыйынчылыктар жаралууда. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эмне кылышат?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Rifle_I
2018-01-09 18:22:28
Суу аккан каналдар келип, туюкка такалган жерлер да да. Логика негизи мындайда иштебейт. Бул кайдыгерлик мамиле. Контролдогон кишилердин башы башка нерсе менен алек.
+2
Adiletia
2018-01-09 18:38:09
Rifle_I,
Мынча миң долларын мен алсам, мынчасын тигил жакка берем деген ойдо болотда
+1
Isco23
2018-01-09 19:05:22
Логика тыйында да булардыкы. Ал эмес арыктарга туштап коюшат го же копуросу жок
0
ori
2018-01-09 20:35:16
Isco23,тыйында болсо ошол бардюрду койбой акчасын сол чонтокко салышпайт беле !бул жерде логика мамлекеттен болунгон акчаны эптеп максатсыз эл корсун кожо корсун кылыр ысырап кылуу болуп эсептелинет!ким жонотсо да молодец смартфонду уттун бир болсо кайдыгер болбой ушунтип жонотуп туруш керек
+1
ori
2018-01-09 20:38:24
ori,негизи контроль жок да кана ким ошол жол курган компиядан принимать этип алды ошол адамды жумуштан четтетип экинчи мындай мамлекттик маанилуу объекттерге иштетпеш керек
+1
tular
2018-01-09 20:31:06
Логика тендерди кантип утуш керек жана доляга канча % деп айтат, алардан мага канчасы артат, болгону ошол жакта логика. Мен озум тендерлерде коргом ошондой оюндарды. 10% доляда болот жетекчи.
+2
Baatirbek81
2018-01-09 20:38:52
Ээ кыргызстаным
+1
Tyty1990
2018-01-09 20:47:14
Ойлонбо кыргызым,жакында секире турган коляскалар келип калаар.
+2
trabzon11
2018-01-09 22:58:51
Кайран элбизда,шордуу элбизда.А.Атабаев
0
Nurmat92
2018-01-09 23:44:03
Эл эмне дейт? эл укпасын! деген кинолор дал келет бул кылган кылыктарына. ушу нерселерди равшан менен жамшүт кылды болуш керек
0
aikokul14
2018-01-09 23:50:01
Ошто көп эле тротуарлар арыкка барып такалат,чоң-чоң аттап өтө турган жерлер бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан