ЭЛДИК КАБАР: "Ысык-Көлдөгү Жаркынбаев айылында суу түтүктөрүн оңдоо иштери бүтпөй, суу атып жолдун баары муз болуп калды" дейт окурман

"Ысык-Көлдө таза суу киргизүү иштери бүтпөй, жер казылган бойдон калып түтүктөр жарылууда. Айыл өкмөткө бул иштерди жасоо үчүн каражат бөлүнгөнүн укканбыз", - деп билдирди окурман бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Ысык-Көл районуна караштуу Жаркынбаев айылында таза суу СССР тарагандан бери эле тартыш.

"Таза суу киргизүү иштери бүтпөй койду. Бул үчүн айыл өкмөткө акча бөлүнгөнүн билебиз. Ар кайсы жерин чукуп, жасашпайт. Кыш ортолоп калды, элде суу жок. Кыштын суугунда суу түтүктөрү жарылып суу чыгып жатат. Ал тоңуп, муз болуп калган. Көчөдөн машиналар өтө албайт. Кечинде элдер тайгаланып жыгылып, колу-бутун сындыргандар бар. Бул маселеге аким көңүл буруп койсо дейбиз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ermekbai
2018-01-10 17:06:43
Кар жокго
0
Guliza85
2018-01-11 01:49:45
Ermekbai,за то муз бар экен да,чондордун жардамы менен жасалган))
+2
abusait
2018-01-11 11:24:13
Акимге баарибир окшойт??
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан