ЭЛДИК КАБАР: "Боомдо тайгалак жолдун кесепетинен 2 унаа бетме-бет сүзүштү" дейт окурман

"Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында кар катуу жаап, жол тайгалак болуп эки унаа сүзүштү", - деп билдирди окурман бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу.

"Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында кар катуу жаап, жол тайгалак болуп Тойота Камри жана Хонда СРВ үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүштү. Кырсыктан жабыр тарткандар жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
fanatkg
2018-01-11 16:37:06
Кудай сактаа! Туугандар жолго чыкпай эле тургулачы!
+1
Ermekbai
2018-01-11 16:39:58
Адамдары аман эсен болушса машина табылат. Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей.
0
janjigit
2018-01-11 20:54:33
Айланайын айдоочу абайлагын жолдор тайгак ар бириниздер озунуздорго сак болуп акырын айданыздар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан