ЭЛДИК КАБАР: "Военно-Антоновка айылында таанып-билүү баннерлеринде Исхак Раззаковдун туулган жылы жана өлгөн жылы туура эмес жазылган" дейт окурман

"Военно-Антоновка айылындагы унаа жолдун четтериндеги зым карагайларга жергиликтүү бийлик тарабынан илинген баннерлерде мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулган жылы жана өлгөн жылы туура эмес жазылган", - деп билдирди окурман бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу.

"Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы жол жээгиндеги тарыхый инсандардын сүрөтү тартылган баннерлердин биринде Исхак Раззаковдун туулган жылы жана өлгөн жылы туура эмес жазылган. Муну кандай түшүнсө болот, бизге окшогон жана өсүп келе жаткан жаш муундар мындай маалыматты көрүп ишенип калат. Мындай нерсени тактап анан жазышса болмок", - дейт окурман.

Сүрөттө көрүнгөндөй, баннерге Раззаковдун туулган жана каза болгон жылдарын 1817-1898-жылдар деп жазышкан. Ал эми мамлекеттик ишмер 1910-жылы 25-октябрда туулуп, 1979-жылы 69 жашында көз жумган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aerforce
2018-01-11 23:31:35
чын эле бул качантан бери турат мурун эле коруп тан калгам азыркыга чейин алмаштырышпай
+2
meni_kut
2018-01-11 23:36:05
апеей
+1
Janybekleilekkg
2018-01-11 23:39:06
Автор,Азамат! Сизге смартфондон да баалуу белек бериш керек
+8
Kaary
2018-01-12 01:03:41
Janybekleilekkg, бул сапар акылдуу телефон ушул акылдуу жаранга го э?! Азамат! Бали!
+3
nurikkg88
2018-01-11 23:41:39
Биз ушул учунда онукпойбуз кандай олко экенибизди ушунан билсек болот
+2
Gulnyr19
2018-01-12 00:47:57
Уят уят сөз жок кыскасы жакында өзүбүздүн туулган жылыбызды да ката жазбасак болду
0
almanbetperm
2018-01-12 06:54:11
Бул деген улгу,оригиналы эми чыгат )))))))
0
Anichka12
2018-01-12 07:38:31
Блиин ХХХХ ошону жазып жатканда бир жолу омур баянын карап окуп койбойбу ХХХХ.1910-1979 ондоп койгула
0
Ali_Bolotbek
2018-01-12 16:02:10
Акыры жаздыңбы? Сөз менен эле айтып жаттың эле. Смартфон кут болсун)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан