Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Шекафтар айылында электр энергиясы жадакалса жарык бергенге жетпейт. Мындай билдирүүнү окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирди.
"Батирде турабыз, электр энергиясы көп учурда кубатсыз болуп лампа да жарытып күйбөйт. Чырактай гана жарык берет. Батирде жашагандардын баарынын эле от жакканга меши жок. Көпчүлүгү ымыркайлары бар жаш үй-бүлөлөр. Мындан тышкары улам-улам өчүп калып көпкө чейин күйбөйт. Мындай абалдан улам балдары ооруп ооруканага түшкөндөр көп", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.