Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн тургундары Соломо участкасында иштеп жаткан "KGM LTD" компаниясына каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасында "KGM LTD" ЖЧКсы 2010-жылдан бери алтын казуу боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ушул убакыт ичинде жергиликтүү тургундардын ой-пикирин эске албастан өзүм билемдик менен иш жүргүзүп келе жатат. Кээ бир инсандардын ишеничине кирип, айылдарды уруштуруп жибергенге чейин барган учурлар болгон. 2015-жылы 23-июнда түзүлгөн келишим боюнча бүгүнкү күнгө фирма 6 900 000 (алты миллион тогуз жүз миң) сом карыз экендигине карабастан, эл менен эсептешпей 2017-жылдын декабрь айында иш башташкан. Нааразы болгон жергиликтүү тургундар фирманын ишин токтотконго мажбур болушкан. Аз убакыттын ичинде бир нече жолу чогулуштар өтүп, карыздарын төлөө боюнча шарттар коюлган жана андан кийин жаңы келишимдин негизинде иш баштоо боюнча чечим кабыл алынган. Бирок карызды төлөөдөн качуу максатында жергиликтүү тургундарга, кеңештин айрым депутаттарына, айыл өкмөт башчысына, укук коргоо органдарына кайрылуу менен кысым көрсөтүү фактылары катталууда. Бул нерсе элдин кыжырлануусун кайра күчөтүп жатат. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар кезексиз митингге чыгып, Ала-Бука районунун акиминен мыйзам чегинде 1 жумалык мөөнөттө бул маселелерди чечип берүүнү суранууда", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.