ЭЛДИК КАБАР: "Мектептерде окуучулар каникулга тараганы менен, мугалимдерди күндөгүдөй иштейсиӊер деп жатышат" дейт окурман

Кочкор районунун Дөӊ-Алыш айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин окуучулары эртеӊден баштап убактылуу каникулга тараганы менен, мугалимдер күндөгүдөй иштейт. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 25-январда окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Суукка байланыштуу мектептерге эртеӊден баштап каникул деп жарыялашты. Бирок мугалимдер күндөгүдөй иштейсиӊер деп жатышат. А эмне мугалимдер айтылып жаткан суукта жылуу үйлөрүндө отурса болбойбу?" - деп суроо узаткан окурман.

Буга чейин маалымдалгандай, абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу мектеп окуучулары 26-январдан 30-январга чейин убактылуу кышкы каникулга таратылган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
Zalkar_Shamaldy-Sai
2018-01-25 20:08:56
студенттер эмне болот каникуль беришет бекен
-5
Kulatov
2018-01-25 20:47:16
Zalkar_Shamaldy-Sai,каникул болуп жазылат ь жок каникул деп жазганды билбейсинби студент болуп туруп
+3
isabek1977
2018-01-25 21:01:35
Kulatov,Кыргыз копкондо орусча суйлоп калат "ь"тамгасын кошуп)))
+6
Jaziko80
2018-01-25 21:48:32
Zalkar_Shamaldy-Sai,студенттер оздоруно 29на чейин каникулго.
0
EkaMika
2018-01-25 20:39:41
Бир гана тоолуу аймактарда каникулбу? Ош обласы,Араван районунда деле эртен окуу экен.Буткул Кыргызстандагы мектептерге тиешелуубу?
+2
azim2
2018-01-25 20:46:26
EkaMika,министрдин буйругу чыкпадыбы жалпы эле тийиштүү болуш керек.
+2
fanatkg
2018-01-25 21:31:54
azim2, буйрук эмес токтом чыкты.
+1
Jaziko80
2018-01-25 21:49:35
EkaMika,Биз Оштобуз Эртен каникул экен. Мугалимдерге жумуш.
+1
elli_88
2018-01-25 20:42:40
Садиктен чалып 31 не чейин иштебейбиз. эртен тан атпай убара болбогула дейт. Анан эмне биз 2-3 жаштагы балдарыбызды таштаганга киши болбосо ушу суукта жумушка которуп барабызбы?????? эмнени ойлоп жатат окмот??? Ата энелер балдарын кайда таштайт деп ойлонушкан жокпу????
+6
Jaziko80
2018-01-25 21:50:31
elli_88,Ошону туура айтасын. Мен да ушул созду айтайын деп жаткам
+2
HanTegin
2018-01-25 20:51:17
Садик иштеп эле жатат.
-3
HanTegin
2018-01-25 20:53:57
Кайсы садик?
-3
La-lak.08
2018-01-25 20:59:04
Окуучулар барбаса мугалимдер эмне, бири бирине сабак өтүшөбү? Кабады жиберген адамга таң калып жатам!
+2
Nariste...12
2018-01-25 21:10:14
La-lak.08,Тан калбай эле коюнуз. Бул конумуш эле адат. Каникул мугалимдер учун эмес, окуучулар учун дейт биздин директорубуз. Каникул мезгилинде мугалимдер эрте менен 9- га барсак,саат 4,5 ке чейин иштейбиз. Мына ушундай тууганым.
+3
HanTegin
2018-01-25 21:17:45
La-lak.08, мугалимдер кагаз иштерди бутурот. Журнал толтурат, план конспект жазат. Мугалимдин жумушу бир эле сабак отуу менен чектелбейт. Тумон туйшугу бар алардын. Кочо кыдырып балдардын санын алат август, январь,май айында. Всеобуч деп коет.
+4
Too-tash
2018-01-25 22:04:44
HanTegin, план конспектти уйдон жазса болот... Журналды да уйуно которуп кетип, толтуруп алып келип берсе болот...
-2
toolos1982
2018-01-25 22:15:40
Too-tash,Силерде журналды үйүнө алып барып толтурса тоо ташта бизде мектепте гана толтурат тууганым
+2
HanTegin
2018-01-26 15:06:00
Too-tash,журнал мектептен чыкканга болбойт. Планды уйго алып барып жазганга копчулугунун мумкунчулугу жок. Уйдо бала чакалуу киши ызы чуу болот. А конспект тынч отуруп жазыш керек. Журналды деле ошондой. Уйундо да сабак жазып атсан уй ишин ким кылат?
-1
Nariste...12
2018-01-25 20:59:48
Бизде да садик иштеп атат. Бирок уйдо караганга киши болгондон кийин деп уйго эле баламды калтырып жатам.
0
Nariste...12
2018-01-25 21:01:22
Чын эле мугалимдерде жан жокпу? Сууктан ушубойбу? Аларды деле дем алдырып койсо болмок. Мен дагы эс алгым келип жатат!
+6
aziz.k
2018-01-25 21:44:00
Окуучулар жок болсо мугалимдер не бири бирине сабак отобу
+2
HanTegin
2018-01-26 15:07:54
aziz.k,жогоруда жооп бар
0
Too-tash
2018-01-25 22:07:01
Ошол кайсы акмак директор экен, аты-жонун жазып койбойсунарбы?!! Министрлик эшек такалап отурабы каяктаны неграмотный, некомпетентный директорлорду дайындап?!! Пусть буга окшогон директорлор кызматынан бошотулсун...

Ал эми мектепке дежурстводогу мугалимдер эле барып, калгандары барууга милдеттуу эмес!!!
-2
Ayida
2018-01-26 01:14:51
Too-tash,туура айтасын!
-1
Aitunuk
2018-01-26 17:00:59
Too-tash, "акмактыгынан" эмес, көп жылдык тажрыйбасы бар, коллективдин колдоосуна ээ болгон, билимдүү педагогдор директор болушса керек?! Бир аз этиканы сактасаңыз, болбосо ар бир мектептин директорун "акмак" деп жатасыз, анткени Кыргызстандагы бардык мектептердин мугалимдери иштеп жатышат. Бул жерде эч кандай акмакчылык жок, кабарды жазган мугалим өзу сабатсыз экендигин (адистиги боюнча эмес, Эмгек кодекси боюнча)көрсөтүп жатат.
-1
Too-tash
2018-01-26 21:13:49
Aitunuk,эмгек кодексинде, каникулда, мугалимдер толук составы менен жумушка келиши керек деген жери барбы?!!

0
take19
2018-01-25 23:14:49
Каникул окуучулар үчүн болот. Жайкы каникулда гана тоолуу аймактагы эмес мугалимдер 56, тоолуу аймактагылар 68күнгө отпускага чыгышат.
+1
Ayida
2018-01-26 01:14:02
Негизи мугалимда каникулга чыгыш керек.Директор озу жыргап отурсун уйундо мугалимдер уйунон жазып бутурсо болот иш кагаздарын
-1
HanTegin
2018-01-26 15:08:33
Ayida, директор жыргап отурбайт уйундо. Ал да келет жумушка
-1
sabyr86
2018-01-26 04:55:24
Окучуулар жок болсо мугалимдер эмне иш кылат?
0
nargiz-sa
2018-01-26 10:28:53
sabyr86,эмгек кодекси бар мугалимдерде кадимкийдей иш куну. Ала учу атайын оргуу кундору жазылган. Жайында 56 кунго эмгек оргуусуно чыгышат ошондо гана эс слышат. Мугалим бир гана сабак отпойт да.
-1
Nur8088
2018-01-26 06:40:24
Ушул суроого министрликтен жооп алып бериниздер, урматтуу админ!
0
admin_superstan
2018-01-26 11:11:15
Nur8088, сунушуңуз эске алынат, рахмат.
0
dina
2018-01-26 12:29:19
Негизи мугалимдин иши татаал акчасы аз. 13 зп да отпускной кошумча акча да каралбайт. Бишкектеги мугалимдер тарадык деп журушот.
+1
HanTegin
2018-01-26 15:07:17
dina,13 зарплата берилсе жакшы болмок да. Карыздардан кутулуп дегендей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан