"Бишкекжылуулуктармагы" үйлөрдөгү жылуулуктун температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу шаар тургундарын подъезддерди, эшик-терезелерди жаап, колдон келишинче жылуулукту сактап турууга чакырды. Ошондой эле жылытуу батарейкасындагы сууну төкпөөнү өтүндү. Себеби бул жылуулук менен камсыздоодогу абалды начарлатат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө жылуулук берүүнүн температурасы да төмөндөгөн.