Бишкек шаарындагы Гареев атындагы Ботаникалык бакчадагы өсүмдүктөр катуу сууктан жана жылуулуктун жоктугунан зыян тартты. Мындай билдирүүнү аталган жайдын жетекчиси Таштан Көчкүмбаев SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, бакчанын жанындагы оранжереяда өстүрүлгөн тропиктик жана субтропиктик өсүмдүктөр зыян тарткан.
"Бул жерде монстера, фикус, банан, пальма, грейпфрут жана башкалар өстүрүлөт. 26-январда түнү температура -10 градуска төмөндөп кетти. Андан кийин жылуулук жана суу өткөрүүчү батареялар 2-3 жеринен жарылып, майда авариялар орун алды. Буга байланыштуу электр жылыткычын алып келип, температураны 0 градустан түшүрбөөнүн аракетин көрүп жатабыз", - деди ал.
Айтымында, оранжереяда тропиктик өсүмдүктөр болгондуктан андагы жылуулук +20 градустан төмөндөбөшү керек болчу. Резервдик жылытуу мындан 60 жыл мурун имараты курулуп жатканда каралганы менен, андан бери бир да жолу оңдуу оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлбөй жарактан чыккан.
"Негизи бул оранжереяны оңдоп-түзөөгө да жарабай калды. Жаңы эле жай салуу зарыл. Биз КМШ өлкөлөрүндөгү ботаникалык бакчалардын биримдигине жана дүйнөнүн 144 бакчасы кирген атайын уюмга мүчө болуп киргенбиз. Бирок мындагы абал жакшы эмес, терезелеринин, түтүктөрүнүн, айтор бардык жабдыктардын эскилиги жеткен. Жалпысынан бакчада 70 адам эмгектенет, оранжереянын өзүндө эле өсүмдүктөрдүн, гүлдөрдүн 500дөн ашык түрлөрү бар", - деди Көчкүмбаев.
Суук аба ырайы жана ЖЭБдеги жылуулуктун өчүрүлүшү болжол менен андагы 30 пайыз өсүмдүктөрдү жарактан чыгарышы мүмкүн. Азыр алар тоңгон абалда тургандыктан кайсы өсүмдүк кайра жашылданбай турганын аныктоо мүмкүн эмес.
"Эми жылуулук берилип, мекеменин ичиндеги температура калыбына келгенде өсүмдүктөрдүн канча пайызы жашылданбай турган абалга келгендиги билинет. Мындан канча чыгым кеткени азырынча белгисиз, бирок бул жердин жумушчуларынын 50 жылдык мээнети күйүп кетти", - деп кошумчалады ботаникалык бактын директору.
Өткөн жылдын март айларында SUPER.KG порталына оранжереядагы гүлдөрдүн сүрөттөрү жайгаштырылган.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат. Авария болгондон бери 4 күн өткөнү менен шаардагы айрым үйлөрдө жылуулук такыр эле жок экенин тургундар билдиришүүдө.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.