Өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек ЖЭБдеги аварияда күнөөсү барлар сөзсүз жазасын алышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-февралда өкмөттүк жыйынында билдирди.
"Бишкек ЖЭБдеги авария биз үчүн чоң сабак болуп, мындай абалга кайра жол берилбеши шарт. Өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия өзүнүн чечимин мага берди. Мен жакын арада бул боюнча чечим кабыл алам. Аварияга күнөөсү барлар сөзсүз жазасын алышы керек деген ойдомун.
Кийин мындай абалдарга жол берилбеши үчүн 1-июнга чейин бардык жылуулук жана энергетикалык байланыш тармактарына анализ жүргүзүлүп, жаңылоо жана алмаштыруу боюнча сунуштарды бергиле", - деди Исаков.