Учурда бардык ооруканаларда жетиштүү түрдө жылуулук сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда өлкөдөгү Жылуулук электр борборундагы кырдаалга карата уюшулган чукул жыйында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
"Учурда шаардагы бардык ооруканалар штаттык түрдө иштеп жатат. Ооруканаларда жылуулук жетиштүү түрдө сакталууда. Тактап айтсам, палаталардагы жылуулуктун температурасы 18-20 градусту түзөт. Азыр дарыгерлер да активдүү иштеп жатышат. Ооруканадагы адамдар үчүн тынчсыздануунун кажети жок", - деди ал.
Эске салсак, 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда өзгөчө кырдаал катталып, үйлөргө жылуулук берүү төмөндөгөнү маалым болгон.