Алмазбек Атамбаев ЖЭБ авариясына Жээнбековдун өкмөтү жоопкер экенин айтты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта журналисттер менен жолугушту. Анда ага Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Сапар Исаковдун жоопкерчилиги тууралуу суроо берилди.

Экс-президент ЖЭБ авариясындагы жоопкерчилик мурдагы өкмөттө деген пикирде.

"Мен Сапар Исаковдон унчукпоону сурандым. Сооронбай Шарипович агаң катары сени күнөөлөйт дегем. Чындыкты айтууга мезгил келди окшойт. Сапар Исаков премьерлик креслого 28-августта отурду, бул убакта кышка даярдык көрүү бүтүп калган. Бардык өлкөдө кышка даярдык сентябрга чейин бүтөт. 2017-2018-жылкы кыш мезгилине даярдыкты Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү жүргүзгөн. 2016-жылы да Сооронбай Жээнбеков премьер болуп турганда ЖЭБди реконструкциялоо боюнча тендер өткөн", - деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, быйыл январда Бишкек ЖЭБде техникалык авария болуп борбор шаар 5 күн жылуулуксуз калган. Бул окуя боюнча Башкы прокуратура "шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүрүүдө. Авариянын себептерин өкмөттүк комиссия изилдеп, бир топ чиновниктерди кызматтан алууну, эскертүү, сөгүш берүүнү премьер-министрге сунуштаган.

Атамбаев: "ЖЭБдеги аварияга Жээнбеков жооптуу"
Алмазбек Атамбаев ЖЭБ авариясына Жээнбековдун өкмөтү жоопкер экенин айтты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан