Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкек ЖЭБиндеги авариялык абалды иликтеп жатат

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкек ЖЭБиндеги авариялык абалды иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Замирбек Осмонов билдирди.

"Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча иликтөөнү тапшырган. Эгер инспекция мыйзам бузуу болгон деп бизге керектүү документтерди өткөрүп беришсе, биз тараптан да кеңири иликтөө жүргүзүлөт. Учурда биздин мекеме тарабынан да ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт Замирбек Осмонов.

Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматынан да ЖЭБдеги авариялык кырдаал боюнча иликтөө жүрүп жактанын билдиришкен.

Эске салсак, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн.

Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TazaKyrgyz
2018-01-29 12:53:48
Карга карганын козун чукубайт.Акчасын алып суттон ак чыгарып коет.
+1
nazarKGZ
2018-01-29 12:57:37
Бул жерде эчкимиси ак эмес баары жеген ошончу эчким сотолбойт дагы камалбайта
+1
mister888
2018-01-29 14:28:30
бул кылмыш ишини финполго эмес МВД га бериш керек элэ ошолор жакшы тергемек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан