Албек Ибраимов тургундардан ЖЭБдеги абал калыбына келмейинче электр тогу керектелүүчү үй буюмдарын иштетпей турууну өтүндү

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов тургундарды Бишкек Жылуулук электр борборунда жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январда аталган борбордогу кырдаалга карата уюшулган чукул жыйында айтты.

"Учурда абалды жөнгө салуу аракеттери жүрүп жатат. Шаар тургундарынан электр тогу керектелүүчү үтүк, кир жуучу машина, жалпы эле электр тогу менен иштеген үй буюмдарын иштетпей турууну өтүнөм. Учурда бул маселе боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Буюрса, 6-7 сааттан кийин жылуулук маселеси өз ордуна келет", - дейт мэр.

Ошондой эле аталган жыйынга катышкан "Түндүкэлектр" ишканасынын жетекчиси Искендер Кадыркулов да электр энергиясын үнөмдөп колдонууга чакырды.

"Бүгүн эртең менен электр энергиясы тургундар тарабынан толук, 100 пайыз иштетилди. Бактыга жараша, авариялык абалдар жаралбай, ийгиликтүү өтүп кеттик. Азыр да ЖЭБдеги абал калыбына келгенче, электр тогу менен иштеген үй буюмдарын азыраак колдонуп турууну тургундардан суранат элек", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. Учурда Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө таянсак, 26-январдан 27-январга караган түнү аба ырайынын температурасы 26 градус суук болсо, бүгүн, 27-январда 20 градустан 22 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Tima0304
2018-01-27 14:52:25
Газды дагы иштетпей тургула деп койбоптур да
+2
DOMIK
2018-01-27 14:57:59
Уйдун ичи суук болсо да ток печкенерди иштетпегиле.
+2
Azat.97
2018-01-27 15:13:11
Туура тушуно туралы туугандар.
0
tillaa
2018-01-27 15:21:54
Албек мерликтен оз каалоон менен арыз жазып кетип эле кал. Кышка даярдыгынар ноль.
+14
kokokola
2018-01-27 15:40:22
Ужас. Соз жок
+4
pusur
2018-01-27 15:45:37
Жылуулуктун жок болуп калгандыгына ким куноолуу? Жоопкерчиликти бироо алыш керекда, кээ бир олколордо ушундай окуялар болсо, премер министр катачылыгын моюнга алып отставкага кетет. Бизде согуш берип коёт, анан мындай иштер кайталана берет.
+9
jigit1285
2018-01-27 16:48:25
Жей эле бербей кызмат кылганды да уйронгулочу чон курсактар
+5
jbolotov
2018-01-27 18:28:16
Чынында жаны конуштар коп болуп кеткендиктен элект энергиясына ото оордук келип атат, мэрдин созун угуп бираз сайбай туралы. Магистрал куйуп кетсе ошондо тонобуз.
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-27 18:59:05
Оооо суук олтурот го адамдыбулар
0
mederkg
2018-01-27 19:48:19
Булар күн жылуу маалында оңдоп түзөгө берилген акчаларды жеп койушкан да чоңдор ал жерде иштеген кара жумушчулар зым мн чырмап чымаратабыз жип мн байлап жымыратабыз кылышкан да керектүү матиралдарды алып беришбей
+1
Magusi
2018-01-28 14:03:05
Жайында ойлонбойт беленер.Кантип иштетпейбиз ушуп атсак обогревательди очойто сайып атабыз.Бекер жакпайлебиз акчасын толоп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан