Кытайлык компания Бишкек ЖЭБинде 5,5 миллион долларга жаңы химиялык цех куруп берет

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого катышкан Кытайдын ТВЕА компаниясы ЖЭБде 5,5 миллион долларга суу даярдап берүүчү жаңы химиялык цех курат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын өкүлү Аман Калыбеков билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы суу даярдоочу цехтин курулуш иштерин ушул жылдын июль айында бүтүрүү пландалууда.

"12-февралдан баштап курулуш каражаттары келе баштады. Былтыр "Улуттук Энергохолдинг" ишканасынын башчысы Айбек Калиев жана ЖЭБдин жетекчилиги биргеликте кытайлык компания менен жаңы блокторго да химиялык цехтерди курууну сүйлөшүшкөн. Бул цехти курууга 5,5 миллион долларга жакын каражат кетет, аталган сумма жалпы келишимдеги 386 миллион доллардын ичиндеги каражат. Башында бул цех курулбаганынын себеби, кытайлык компания эски химиялык цехтин абалы жакшы, камсыздай алат деп аныкташкан", - дейт Калыбеков.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 6лар чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түшүп кеткен. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Okunboim.
2018-02-27 15:42:10
Жалан эле чет олколуктор инвестор болот экенда
0
Kyrgyz_bloger
2018-02-27 15:52:31
Чет олколуктор болгону эч нерсе эмес мнеге дайыма кытайлар башкаларга эвропадан инвесторлор келип жатпайбы бизге бут кытай негедир ушул кытайлар бизге келип иштегендер кайра Кыргызстанда калып кетет деп ойлой берем да биздикилер аларды департ кылып чыгарганга да кучу жетпесе керек.
+2
Ask094
2018-02-27 19:06:03
2 млн го бутчу нерсени биздикилер 5.5 млн дейберет. Мамлекетти жеш керек да молодец жегиле аш болсун кыргыздар чет элде кул болуп журоберсин силер ач калбагыла
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан