Өкмөт башчы Сапар Исаковдун тапшырмасы менен Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу муктаж болгон жарандарды кабыл алуучу бир нече пункттар ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 3 миңден ашуун жашоочуларга ылайыкталган пункттарда ысык тамак менен чай берилип, жылынууга шарт түзүлгөн. Ошондой эле транспорт маселеси да каралган.
Аталган пункттардын даректери:
Свердлов району:
Ленин району:
Биринчи Май району:
Транспорт боюнча суроолорго Бейшенбаев Улан Бекежанович жооп берет. Телефон номери 0 (553) 01 37 72.
Белгилей кетсек, кечээ, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун айтымында, жылуулук берүү системи качан калыбына келе турганы азырынча белгисиз.