"Улуттук энергетикалык холдинг": "ЖЭБде жаңы блок ишке кирди. Буга чейин суунун тартыштыгынан улам мүмкүн болбой турган"

Бүгүн, 30-январда таңкы саат 4:40та Бишкек ЖЭБдеги №3-блок ишке кирди. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы блок 150 МВт энергияны иштеп чыгат жана 88 градуска чейин жылуулук берет. Учурда системден чыккан суунун жылуулугу 66-67 градусту түзөт.

"29-январда сууну толтуруу иши башталып, учурда температура 10 градуска көтөрүлдү. Тийиштүү температура үчүн суу системде дагы 3-4 саат айланып туруусу шарт. Буга чейин жаңы блокту ишке киргизүү суунун жетишсиздигинен улам мүмкүн болбой турган. Керек болсо тартыштык эски блоктордо байкалган. Үйлөрдөгү жылуулук кечки убакытка чейин турукташат", - деп билдиришти мекемеден.

Ал эми эски от казандарды оңдоо иштери дале улантылып жатканы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Бүгүн Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Artur555
2018-01-30 14:10:43
Кыргызстан суунун мекени болуп туруп суу тартышгынан деп суйлогон эмнеси? Жайында эшек такалап журуштубу? Ремонтун жакшылап карап койупайбы!
+4
stimyl.kg
2018-01-30 14:16:07
Биздин чиновниктердин ададка айланган медоду бар,кылмышка төмөнкү баскычтагы жумушчуларды тартып туруп,кун ысып кыйынчылык женилдесе мына биз кыйынчылыкты жендик биз андан да кыйынчылыкка туруштук беребиз деп көкүрөк кагып чыгышат. Булар эчкачан элди жыргатышпайт. Мына коншулаш өлкөнүн бир эле кичи шаарына барып көрчү,жылуулук батареясын кармай албайсын ысыктыгынан эчкандай кыйынчылык жок калкына. Ушинтип шалаакыланып ичип жей беришсе,албетте жөнөкөй жарандар башка өлкөгө көчүп кетүүгө аргасыз.
0
KGstan1981
2018-01-30 14:19:00
Кайдагы болбогон кочмондор оюнуна миллиардтаган акчаларды кетиргенден коро.Жаны ЖЭБтерди курсанар болот эле.Иии айткандай Кой-Ташка барып мультимиллионердин хан сарайы сууктан тонбоптурбу деп кабар алып койсо болот экен.
+1
Akshumkar
2018-01-30 14:23:27
Бийликти сындап бийликтен кычык издеген журналистер жана саясатчыларга кудай берди го дейм акыркы жагдайга мына сага.
-1
KGstan1981
2018-01-30 14:37:04
Akshumkar,Сен жылуу креслодо ушубой олтуруп беш бармак жеп олтурсан керек.Сага окшогон подхалимдердин уйу жылуу болот.
+2
Akshumkar
2018-01-30 15:24:42
KGstan1981, Мен эбак эле кышка даярданып алгам комурду кенен тушуруп бир тайды сойюп чучук жеп ушубой олтурам. Сендей болуп жылуу жерде олтуруп сындап олтурган жокмун колунан келбегендер ушинтип сындап табалаап олтурат. Мен эч кимди сындаган дагы мактаган дагы жокмун уктунбу. Сынчынын сынар отугу майрык
0
KGstan1981
2018-01-30 15:57:14
Akshumkar,Тушунуктуу сен жер уйдо жашасан сенин альтернативан бар.Комур жаксан болот.Ал эми коп кабаттуу домдордо жашаган жарандарчы.Алар комур жагыша алышпайт безопасность не позволяет.Сен озунду гана эгоист болуп ойлобой башкаларды да ойлоп жургун.
+2
Akshumkar
2018-01-30 15:25:45
KGstan1981, Жазарда мурун жакшылап ойлонуп жаз
-1
anonymous
2018-01-30 17:15:08
Тэцтин кызматкеринин видеосу чын экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан