Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал чечилгенден кийин Өзбекстанга электр энергиясы экспорттоло баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчисинин биринчи орун басары Нурлан Садыков брифингде билдирди.
Кыргыз өлкөсү суукка байланыштуу 26-январдан тартып Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону токтоткон.
“2017-жылы декабрь айындагы макулдашууга ылайык, электр энергиясы Өзбекстанга экспорттолуп келет. Коңшу мамлекет менен суукка байланыштуу электр энергияны экспорттоону токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон”, - деди ал.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.