Бишкек ЖЭБдин кызматкерлери тургундардан кечирим сурады
Бишкек жылуулук электр борборундагы абал көпчүлүккө аны модернизациялоого коротулган чыгымды эстетти. Бул арада кыштын суук күндөрүндө ЖЭБдин шаардын жашоочуларына жетиштүү жылуулук бере албаганына нааразы болгондор көбөйдү.
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева ЖЭБдеги абалды видеого тартып жайгаштырды. Маалымат катчы ага Бишкектеги жылуулук берүү борборунда орун алган абал боюнча коомчулукта туура эмес пикирлер да айтылып жаткандыгын жазган.
"Алардын арасында такталбаган жана негизсиз сындар да айтылууда. Сиздерге борбордогу эски жана модернизацияланган жаңы бөлүмдөгү абалдын видеосун сунуштайбыз. Анда ЖЭБдин кызматкери өзү абалды кандайча болгонун түшүндүрүп берет. Станциянын ар бир кызматкери, жумушчусу тургундардын үйүнө жетиштүү жылуулукту жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатат. Аларга ийгилик жана күч тилейбиз", - деп жазган ал.
Эске салсак, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.