Сапар Исаков "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басарын, Бишкек ЖЭБдин директорун жумуштан алууну тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 30-январда "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматтарына дал келүүсү боюнча маселени карап чыгуусун сунуштоо чечимин кабыл алды.

Өкмөт башчы биринчи кезектеги чечим катары "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын жетекчилигине көрсөтүлгөн жетекчилердин ээлеген кызматынан бошотуу маселесин бекитилген тартипте карап чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штабдын демилгеси боюнча, 26-январдан тарта Бишкек шаарында жылуулук энергиясынын берилишинин үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктоо боюнча комиссияны түзүү чечими кабыл алынды. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттарын, тийиштүү мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн, энергетика тармагындагы адистерди жана көз карандысыз эксперттерди киргизүү сунушталды.

Премьер-министр белгилегендей, аталган кадам биринчи кезектеги чечим болуп саналат. Өз милдеттерине шалаакы мамиле кылуусунун натыйжасында Бишкек шаардык ЖЭБ ишиндеги бузулуулар орун алгандыгына күнөөлүү жактарды жазалоо боюнча кийинки аракеттер ведомство аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Suluu4a
2018-01-30 22:42:45
200 сом карыз болсон дароо очурушот ,олуп тирилишип. Чала болуптур...дагы андан да чонун алып салсын!Кандай ишкерлер экенин 5-6 кундук суукта билинди!Разгелдяйлар!
+13
ali1995
2018-01-30 23:03:03
ЖУмуштан алып Тим болбостон дипломдорун жокко чыгарып канча жыл иштеген стажында жок кылдырыш керек
+17
J_n_a
2018-01-30 23:57:47
Өлкөнүн келечегин ойлой турган эч ким жок окшойт!
+10
barakcha
2018-01-31 00:04:15
Молодец Сапар!Сага болгон ишенич чон!!!Аллахым сени колдосун.
+11
Dembele84
2018-01-31 00:22:30
Иштен алса,кийинки бок курсак сразу ошол ой менен келет да.Баарибир иштен айдайт,ошого чейин болушунча жеп алайын деп.Лучше толотуп ошол акчаны и камаш керек,чтобы кийинкилерге мисал болуш учун!
+15
Nurbol
2018-01-31 00:57:59
мамлекеттин чыныгы даражасын, дараметин 5 кундук суук сынап койду. кышка даярбыз дегенде эмненерге таянып айттынар эле? ошо жумуштан кеткендердин сап башында озу кетсе болмок.
-3
Nurbol
2018-01-31 00:59:42
бугун саат 16 жылуулук калыбына келтирилет деген Сапар Исаков. жылуулуктан дайын жок, батарейкаларга муз тонуп калды...
0
KGstan1981
2018-01-31 01:12:22
Мирзиеевке окшоп иштен бошотуп анан канча жыл иштесе ошончо алган айлыктарын мамлекетке которуп беришсин.
+10
aliakg90
2018-01-31 09:38:39
KGstan1981, ой айлыгын албай койсо да мейли. Сол чонтокко салгандарын, ишканага деп болунгон акчаларды сапырганы учун жооп берсин, акчаны ордуна койсун.
+2
madina.87
2018-01-31 05:57:12
Жумуштан алып,анан аларды да Жапаров менен Текебаевди камагандай камап салгыла муздак тор артына.Ошондо билишет наристелердин ушуп жатканын...
+5
nurbekasr
2018-01-31 07:38:01
Эмне үчүн тв журналисттер кабарчылар ЖЭБде болгон аварияны жеринен барып тартып телевидениеге чыгарышбайт.Кандай көлөмдө бузулган эмне болгон эл көрүп билиш керек.Кечээ Ош базардакы өрттү 20 30 дай тв оператор кабарчылар тартып жүрүштү го.
+6
KGstan1981
2018-01-31 08:36:26
nurbekasr,Ош базардагы орт бул бийликтин отвлекающий маневри.
-2
Kojo1995
2018-01-31 09:22:24
KGstan1981, ошондо атайын кылган болуп калабы?
Отвлекающий маневр болсо
+2
Kojo1995
2018-01-31 09:25:33
Биринчи орун басарын жумуштан алса пролема эмес анткени аны башка жерде жирный кресло күтүп турат
+2
ruslanz
2018-01-31 09:01:48
Орун басарын эмес дирокторду алыш керек. Мэрчи, корруп-нер экени корунуп эле турбайбы, же АША нын досу деп эле тим коюш керекби.
-1
aliakg90
2018-01-31 09:40:05
ruslanz,+++
-1
Sarana
2018-01-31 19:38:03
Жөн эле бошотпой жооп берсин!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан