Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы Сапар Исаковдун кайрылуусунун негизинде Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча топтолгон материалдарды кароонун жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду.

"Тергөөдө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Электр станциялары" ишканасынын жана Бишкек ЖЭБдин кызмат адамдары тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык талаптагыдай аткарылбаганы аныкталды. 26-январда Бишкек ЖЭБде белгисиз себептерден улам авария болуп, өз убагында калыбына келтирилген эмес.

Анын кесепетинен суунун температурасы төмөндөп, Бишкектин Тунгуч, Аламүдүн, Көк-Жар, Чыгыш-5, 5-4-3-6-7-8-10-12-11-кичи райондордо, Асанбай, Улан, Түштүк-2де, андан сырткары №3-балдар ооруканасы, №1-балдар кургак учук ооруканасы, №4-төрөт үйү жана башка социалдык мекемелер жылуулуксуз калышкан. Козголгон кылмыш иши тергөө иштерин улантуу үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.

Тергөөнүн жыйынтыгында ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылышат", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
fanatkg
2018-01-30 12:35:31
Коррупция боюнча да кылмыш ишин козгоо керек!
+5
Alixan-Nookat.2015
2018-01-30 12:36:29
Башкы прокуратура жакшылап иликтөө иштерин жүргүзсө күнөөлүү адамдар мурдагы президент жана Бишкек шаарынын мэри болотго күнөөлүү.
+6
fanatkg
2018-01-30 12:38:33
316-статья. Шалаакылык

(1) Шалаакылык, башкача айтканда, кызмат адамы кызматына ынтаасыз
же кайдыгер мамиленин кесепетинен өзүнүн милдеттерин аткарбаса же тий-
иштүү түрдө аткарбаса, эгерде бул граждандардын, уюмдардын укуктарын
жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мый-
зам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын олуттуу бузууга алып келсе, -
+1
fanatkg
2018-01-30 12:39:19
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салы-
нат, же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат.
0
fanatkg
2018-01-30 12:41:15
бул өтө эле жеңил жаза. тергөөнү жүргүзгөн өкүлдөр жакшылап караса бул жерден дагы башка кылмыштар чыкса керек...
0
gute
2018-01-30 12:40:25
Катуу согуш берип койчу эленер
Жазага тарткыла
+3
Dembele84
2018-01-30 12:42:18
Камап салгылачы ошо кунолуулорду,кийинки келгендер да иштегенде кысып,так иштей турган болсун!
+2
Nsh
2018-01-30 12:44:06
Жоопко тартыш керек. 386млн.долларга 2 жаны ТЭЦ курса болот экен. Мисал келтирсем Таджикистан Арменияда 180млн.долларга жаны ТЭЦ курулганына аз эле убакыт болду. А биздин чиновниктер кредитке алган акчаны толук ондогонго жумшавай жеп коюшкан. Ошонун айынан ТЭЦтин иши узгултукко учурады. Ошол жеген акчаларын кустуруш керек.
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-30 12:50:43
Бизде башкы прокуротура акчасы бийлиги барларга тиши отпойт жонокой байкуштардын канын сорот
+5
rejepova
2018-01-30 13:43:27
кылмыш ишти козгоп отура бербей эртерээк жонго салгыла, кыйналып бутмой болду жашоочулар!
+3
gugu2727
2018-01-30 14:15:02
Кылмыш ишти кимге козгойсунар озунорго озунорбу же ошол жерде суука тонуп пакрышка жагып алып суука тонуп иштеп жаткан карапайым жумушчуга козгойсунарбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан