Президенттик аппарат: "Атамбаевдин айткан сөздөрүнө иш менен жооп берилет. Ал сөздөр боюнча дагы жыйындар болот"

31-мартта КСДПнын курултайында экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүнө пикирин билдирген. Ал Жээнбековду жыйында коррупцияга каршы сүйлөгөндө документтерди карап сүйлөөгө чакырып, президенттик аппаратты өлкө башчысына туура маалыматтарды берген эмес деп айткан.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбаевдин бул пикирине жооп болбой турганын SUPER.KG'ге айтты.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сөздөрүнө жооп берилбейт. Ага иш менен жооп берилет. Ал сөздөр боюнча дагы жыйындар болот", - деди Стамалиева.

Мындан тышкары, ал Алмазбек Атамбаевдин "ЖЭБ авариясына Жээнбековдун өкмөтү жоопкер" деп айтканы боюнча төмөнкүнү билдирди.

"Президент бул боюнча расмий билдирүүнү тергөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин жасамакчы. Өлкө башчы ЖЭБди жаңылоо боюнча тендердин айланасындагы чууга эч кандай тиешеси жок. 2017-жылы 30-августта ЖЭБдин ачылышына Жээнбеков катышкан эмес. Анткени президенттик шайлоого катышуу үчүн 2017-жылдын 21-августунда премьер-министрликтен кеткен.

2017-2018-жылдардагы жылытуу сезонуна даярданууга да Сооронбай Шарипович катышкан эмес. Ал премьер-министр болгон убакта кыш мезгили 2016-2017-жылына туш керек. Бул кыш узакка созулган, бирок Токмоктогу балдар үйүндө болгон окуяны эске албаганда эч кандай кырсык орун алган эмес", - деди Стамалиева.

Белгилей кетсек, экс-президент Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги коррупцияга каршы сүйлөгөн сөздөрүндө өткөн жылда башталган Атамбаевдин аракеттери айтылбай калганын белгилеген. Атамбаев учурда коомдо талкуу жаратып жаткан бажы жана салык тармагындагы эбегейсиз ири суммадагы коррупциялык иштердин бети ачылышы боюнча Коопсуздук кеңешинде маалыматтар айтылган эмес деп айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан