Талант Төлөбеков: “Көөнөрбөс казына” аттуу тасмалаштырылган концертке артисттер бекер тартылып беришти"

11-12-13-күндөрү Бишкекте өтө турган “Көөнөрбөс казына” аттуу тасмалаштырылган концертке тартылган актёрлорго бир сом да сарпталган жок. Бул тууралуу аталган концерттин координатору Талант Төлөбеков 10-июнда маалымат жыйында билдирди. Айтымында, тасмага тартылган артисттердин дээрлик бардыгы белгилүү инсандар болгондуктан, эч кимиси аткарган ролу үчүн гонорар сураган жок. “Кыргыздын улуттук каада-салтын, кийим-кечегин, салттуу музыкасын чагылдырууну көздөгөн бул тасмалаштырылган концертте 3 күн бою 27 камера иштеп, 2 ай монтаждалды”,- деп билдирди долбоордун режиссёру Алтынбек Максутов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан