ЭЛДИК КАБАР: Ноокенде мал сатуучулар өрт өчүрүүчүлөргө жана майыптарга жолтоо болууда

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы мал базарында жума күндөрү базарга келген унаалар баш аламандык жана тыгындарды жаратып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш базардын жанында жайгашкан Социалдык коргоо бөлүмүнө жана Өрткө каршы кызматына чоң жолтоо болууда. Өрт өчүрүүчү унаа тыгындан чыга албай өз убагында чакырууларга кечигип калышы мүмкүн. Ошондой эле Социалдык коргоо бөлүмүнө келген майыптарга, кайрылган атуулдарга жана кызматкерлерге чоң тоскоолдук жаралууда.

"Мунун баары базардын администрациясы өз билемдик кылып 2017-жылы базардын чыгыш тарабынан кошумча дарбаза ачып алгандыгынан келип чыгууда. Абалды жергиликтүү бийлик же мамлекеттик бийлик, экотехинспекция көзөмөл кылбай жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pokemon
2018-02-10 20:34:14
Жолтоо болбой эле жол ачык турат дайыма.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан