ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Кулжада карышкыр сарайга келип малга тиш саларда кармалды" дейт окурман

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Чалма айылынын жигиттери буга чейин малга кол салып жүргөн карышкырды кармашты. Бул тууралуу маалыматты окурман 13-февралда WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жөнөттү.

Окурмандын айтымында, айылдагы жигиттер карышкырды мал сарайдын ичинен көрүп калышкан.

"Кой, малдарга тиш салып жүргөн карышкыр болчу. Ал кезектеги "олжосуна" келген кезде тирүүлөй кармап алышты", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
muzhik_18
2018-02-14 00:04:30
азаматтар эркек экен:-)
0
Shef87
2018-02-14 00:09:26
Кармабагыла ооруу жугат
+2
jbolotov
2018-02-14 00:09:57
Чон кылмышкерди кармапсынарда)) байкуш карышкыр ачка короого кирдида
-3
33SUUN
2018-02-14 00:12:24
Кылмышкерди кылмыш устундо кармашыптырго.
+7
Kyrgyz_myrza
2018-02-14 00:23:21
Ууупс, иттей чонго. Олукпу же тируу кармадынарбы автор?
+1
Kyrgyz_myrza
2018-02-14 00:29:06
Байкушту ар кандай позада кармап маскарлап тушо бериптирсинерда суротко)))))
+1
KGstan1981
2018-02-14 01:05:37
Бул жагы фотосессия болуп кетиптиргоооо))))Бирок рукавица,кол пайпак кийип кармабапсынарда.Кудай сактасын оору жугуп калбасын анан.
+6
Gulnaz.GS
2018-02-14 01:24:58
жаман кордопсунарго.ал байкушта не куноо
-1
omke.85
2018-02-14 01:32:09
Байкуш карышкыр ал деле жашагысы келип ач калганынан келди эледа
+3
BBB88
2018-02-14 02:21:57
Фотого тушуунунда эрежелери болот
+3
Alinur96kg
2018-02-14 02:27:24
Азаматтар.Автор дагы 5-6 сурот кошуп койсон от души болмок экен да.
+4
suban78
2018-02-14 05:39:46
Ммлицияга берсенер "крышасы" болуш керек бул кашабандын, карасанар суротко да кулуп тушуп жатканын. Пул берип кутулуп кетем, колунардан эч нерсе келбейт деп жатат да,биздин чондор пул дегенде жанын берет ко. Озунор эле эшекке тескери мингизип айылды кыдырткыла, баары корсун,
+1
Platon96
2018-02-14 07:19:14
Учунчу суротто баалуу жандыкта кошулуп калыптырго
+1
Iron-arslan
2018-02-14 11:11:51
Кармаганынар жакшы бирок мылтыктарынар катталганбы? Орган кызматкерлерин куто бергиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан