Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын Мясокомбинат көчөсүндө жайгашкан шаардык мал союучу жайда эч бир эреже сакталган эмес. Мындай кабарды окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирип, сүрөттөрү менен бөлүштү.
Анын билдирүүсүнө караганда, мал союучу жайдан 50 метр алыстыкта шаардын калкы жашайт.
"Бул жайды тиешелүү кызматтар тезинен текшерүүгө алышы керек. Жаз келгенден тартып чымын чиркей каптап,балдардын оорулары көбөйөт. Мал союучу жайдын кире беришинде балдар аянтчасы жайгашкан. Ал жерде жашаган эл жазында терезе-эшиктерин ача алышпайт. Биринчиден, эшик-терезелерден үйгө жагымсыз жыт кирет. Экинчиден, чымын өтө көп болгондуктан, алар үйдүн ичин каптап кетет.
Биз ушул жерде жашап, качан ошол мал союучу жай башка, чет жакка көчүрүлөт деп күтүп жүрүп өмүрүбүз өтүп кетмей болду. Ал жерди таза кармаганга суу чыкпайт. Эч качан жайкысын таң эрте туруп таза абадан дем ала албайсың, үйүңдү желдете албайсың. Тегерегинде бүт малдын мүйүзү, туяктары, баштары, терилери чачылып жатат. Бир чуңкур арыкка кан толуп калган", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.