2026-жылдын май айында Конгодо катталган эбола вирусу Уганда, Кения, Нигерия жана Францияда да катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, Конгонун өзүндө 9,5 миңден ашуун адам ооруну жуктуруп, 4,6 миңден көбү каза болду.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, вирустун Бундибуджио түрүнө каршы азырынча бекитилген вакцина жок. Нигерияда инфекция Угандадан келген аялдан аныкталып, аны менен байланышта болгон 44 адам медициналык көзөмөлгө алынды.
Белгилей кетсек, эбола вирусунун 6 түрү белгилүү. Алардын төртөө адамдарда ооруну пайда кылары аныкталган.