Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Майлуу-Суу – Маданият унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөлүп, 8 көпүрө курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун аталган тилкесинде жер жумуштары жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Учурда асфальт төшөө иштери башталды. Жеринде 25 атайын техника жана 15 кызматкер иш алып барууда.
Мындан тышкары, курулуп жаткан 8 көпүрөнүн үчөө толугу менен бүткөрүлдү. Калган көпүрөлөрдө курулуш иштери уланууда.