Бүгүн, 22-октярбда Абу-Даби шаарында UAE Warriors 74 турнири өтөт. Бул тууралуу аталган уюм билдирди.
Аталган мелдешке кыргызстандык спортчу Фарида Абдуллаева катышат. Ал бразилиялык Мишель Оливейра менен чемпиондук кур үчүн күч сынашат. Ошондой эле алар кечээ, 21-октябрда көз караш таймашын өткөрүштү.
Эскерте кетсек, Фарида Абдуллаева буга чейин он беттеш өткөрүп, анын сегизин жеңиш, экөөсүн жеңилүү менен аяктады. Ал эми Оливейра учурда UAE Warriors уюмунун аялдар арасындагы минималдуу салмактагы дүйнө чемпиону болуп саналат.