Биз социалдык тармакта

Баланы кайсы курактан баштап ортопедге көрсөтүү керек? Адистерден кеңеш

Балдардын сөөк-булчуң системинин туура калыптанышы үчүн ортопедиялык ооруларды эрте аныктоо жана өз убагында дарылоо маанилүү. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ортопедия бөлүмүнүн адистери билдиришти.

Адистердин маалыматына ылайык, балдарда жамбаш муунунун тубаса дисплазиясы, маймактык, жалпак тамандык, сколиоз жана кифоз сыяктуу оорулар кездешет. Балдар төрөлгөндөн тартып ортопедиялык көзөмөлдө болушу керек. Алгачкы айларда жамбаш муундарынын абалына өзгөчө көңүл бурулат. Ал эми 1-3 жашында баланын басышы, буттарынын абалы жана дене түзүлүшү текшерилет. Эгер бала аксап басса, бир ийини экинчисинен бийик болсо, омурткасы кыйшайса, муундары ооруса же кыймыл-аракети чектелсе, ортопедге кайрылуу зарыл. Бала күтүүсүздөн баса албай калса, мууну шишип, дене табы көтөрүлсө же катуу оору пайда болсо, тез арада медициналык жардам алуу керек.

Ошондой эле адистер баланын туура тамактануусуна, жашына ылайыктуу кыймыл-аракетине, дене түзүлүшүн туура кармоосуна жана профилактикалык кароодон үзгүлтүксүз өтүшүнө көңүл бурууну сунушташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан