Кыргызстанда быйыл 358 миң гектар аянтка буудай себилген. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 14-июнда билдиргендей, буудай түшүмү былтыркыдан көбүрөөк болору божомолдонууда. Анткени азырынча кургакчылыктын белгилери жок. Жалпысынан гектарына 20 центнерден буудай алынмакчы. Эске салсак, 2012-жылы буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 18,9 центнерди түзүп, 2011-жылдагы көрсөткүчтөн төмөн болгон. 2012-жылы Кыргызстанда 593 000 тонна буудай чогултулган.