Баткендеги Таян айылынын тургундары чек арадагы чектөөнү алып салууну суранышууда

Баткендеги Таян айылынын тургундары Сох анклавын аралап өтчү жолдогу чектөөнү алып салууну суранышууда. Маалыматка ылайык , ушул жылдын январь айында болгон Сох-Чарбак жаңжалынан соң өзбек тарап кечки 11ден таңкы 7ге чейин аталган жолдон өтүүгө чектөө киргизип, түнкү каттам токтотулган. Таяндыктардын айтымында, бул жол аймактагы 8 айылдын тургундарын облус борбору - Баткен шаары менен байланыштырган жалгыз жол. Жайдын келиши менен талаачылык иштери күчөп, айылдардын тургундары таң эртеден каттай албай кыйналышууда. Мындан улам алар бийликтерден өзбек тарап менен сүйлөшүп, чектөөнү алып салууну суранып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан