Парламентти камсыздоого май айында 70 миллион 416 миң сом сарпталган

Жогорку Кеңешти камсыздоо үчүн май айында 70 миллион 416 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда каржы министри Ольга Лаврова ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин отурумунда билдирди. Анын айтымында, сарпталган акчанын 43 миллион 763 миң сому депутаттардын, алардын жардамчыларынын жана ЖКнын иш башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин айлык акысы. “Жумушчу сапарларга 5 миллион 743 миң, транспорттук чыгымдарга 3 миллион 331 миң, коммуналдык жана байланыш кызматтарына 1 миллион 768 миллион сом коротулду”,- дейт министр айым. Ал мындан сырткары ар кандай чыгымдарга 8 миллион 954 миң сом жумшалгандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан