Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек арачылары мамлекеттик чек аралардагы чечиле элек аймактар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр 15-июнда Өзбекстандын Кокон шаарында өткөндүгүн бүгүн 17-июнда Чек ара кызматынын басма сөз катчысы кабарлады. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушууга Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник Таалай Усубалиев, Өзбекстан улуттук коопсуздук кызматынын орун басары, Өзбекстан чек ара кызматынын башчысы, полковник Рустам Эминжанов катышышкан. Өкүлдөр чек ара аймактарындагы биргелешкен кайгуул иштеринин жыйынтыктарын талкуулашты. Кыргыз-өзбек чек ара башчылары бул кызматташуунун жыйынтыгын жакшы деп баалашты.