15-июнда Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск шаарчасында көлгө түшүү сезонунун ачылышы болду. Иш-чара жергиликтүү театр кызматкерлери тарабынан сахналаштырылган көрсөтүү менен башталып, андан соң Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгуловдун куттуктоо сөзү менен уланды. Жаштар арасында волейбол, футбол жана кум үстүндө күрөшүү боюнча спорт оюндары уюштурулуп, жеңүүчүлөр мэрдин кубогу, диплом, медалдар менен сыйланышты. Көл жээгинде тамак-аш, суусундуктар сатылып, кичинекей бөбөктөргө үйлөмө шарлар коюлган. Мындан сырткары иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаардык Маданият үйүнүн кызматкерлери эс алуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.