Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 28 890 бала бар, алардын 386сы Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу психо-неврологиялык атайын жатак-үйлөрдө тарбияланышат. Бул тууралуу 16-июнда социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Еврокомиссиянын мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди. Жолугушуу учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоо тууралуу маселелер талкууланды. Ошондой эле мектеп интернаттарына логопеддер, психологдор жана медайымдар жетишпегендиги тууралуу кеп болду. Буга байланыштуу тараптар социалдык коргоонун ушул бөлүгүнө көбүрөөк көңүл буруу маселесин талкуулашты.