Нарында аба ырайы кескин өзгөрүп, 60-80 сантиметр кар жаады

Кечээ, 17-июнда Нарын облусунда аба ырайы кескин өзгөрүп, Бишкек-Торугарт унаа жолуна жана бир катар аймактарга кар түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов маалымдады. Ал билдиргендей, кечээ жолдун Долон ашуусунда жааган кардын калыңдыгы 15-20 сантиметрге жеткен. Ал эми Соң-Көл жайлоосунда жааган кар 60-80 сантиметрге жетсе, Ак-Сай өрөөнүндө 10-15 сантиметрге жеткен. “Кечээ күнү кечинде жолдо бир аз унаа тыгын пайда болду. Бирок бул учур көп узабай жоюлуп, унаалар өз жолдору менен жүрүп кетишти”,- дейт Бекилов. Маалыматка ылайык, учурда кардын жалпы көлөмү жана келтирилген чыгымдар такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан