Президент Алмазбек Атамбаев Түркияда медициналык текшерүүдөн өтөт

Бүгүн, 18-июнда президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн чакыруусу боюнча Анкарага иш сапары менен жөнөп кетти. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын башчысы Түркиянын жетекчилиги менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан тышкары президент Алмазбек Атамбаев дарыгерлердин сунушу боюнча «Гүлхан» Аскер медициналык академиясында медициналык кароодон өтөт. Эске салсак, Алмазбек Атамбаев мурда да уулануудан кийин 2007-жылы ушул академияда медициналык кароодон өткөн эле. Ал эми 2008-жылы Анкара шаарындагы клиникалардын биринде анын ашказанына операция жасалган. Өлкө башчысы ушул жуманын аягында Бишкекке кайтып келери пландалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан