Ушул жылдын 5 ай аралыгында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү боюнча 284 лицензия берген. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Бишкек шаары боюнча 138, Ош облусу боюнча 62, Чүй облусу боюнча 29, Ысык-Көл облусу боюнча 23, Нарын облусу боюнча 12, Жалал-Абад облусу боюнча 11, Баткен облусу боюнча 5, Талас облусу боюнча 4 лицензия берилген.