Бишкекте эл аралык «Оймо» фестивалы өтөт

27-июлда Кыргызстанда алгач ирет кол өнөрчүлөрдүн эл аралык “Оймо” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстанда кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбор Азиялык ассоциациянын ресурстук борборунун директору Динара Чочунбаева бүгүн, 18-июнда кол өнөрчүлөр форумунда билдирди. Айтымында, фестивалга Кытай, Кувейт, Непал, Бангладеш баштаган 18 өлкөнүн чеберлеринин келиши күтүлүүдө. Дүйнөлүк чеберлердин чогулушунда кол өнөрчүлүккө байланышкан бир топ маселелер каралат. "Фестиваль Бишкекте башталып, Ысык-Көл облусунда жыйынтыкталат,- деп кошумчалады Д.Чочунбаева.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан