Турсунбек Акун: "Ак үйгө барып бомба таштап жибербейм, мен агыман жарылам"

“Эми бир гана депутаттардын эмес, чоң кызматта иштеп, кызматтык абалынан пайдаланып укук бузган аткаминерлердин ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка ачык билдирип, ким кызматтык абалынан пайдаланып балдарын кызматка орноштуруп жатканын жана башка укук бузуулар тууралуу айтам”,- деп билдирди бүгүн, 18-июнда акыйкатчы Турсунбек Акун SUPER.KG порталына. Айтымында, ал буга чейин бардык укук бузган аткаминерлерге кайрылуу жазып, жолдомо жөнөтүп, эскертүү берип келген. "Бирок алар чегинен чыккан өңдүү. Кээ бир бийликтегилер Азиз Батукаевдин бошотулушуна жалгыз мени күнөөлүү деп эсептеп жатышат. Мен жарылам десем эле анын маанисин түшүнбөгөндөр сөздү бурмалап жатышат. Ак үйгө барып бомба таштап жибербейм, мен агыман жарылам. Башкалардай болуп айтып коюп жүрө бербейм”,- деди акыйкатчы. Ал өзү билген маалыматтарын 20-июнда парламент жыйынында ачык айтарын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан