Июнь айынын акырына чейин Кыргызстанда 6 мекеме ишке берилет
Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын акырына дейре Кыргызстанда республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган 6 курулуш мекемеси ишке берилет. "Булар билим берүү, саламаттык сактоо жана суу менен камсыз кылуу болуп саналат",- деп маалымдайт Мамкурулуш басма сөз кызматы. Жалал-Абад облусунда 1072 окуучулук орунга эсептелген 3 мектеп ишке киргизилет. Алар: Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылындагы мектеп, Ноокен районунун Арал айылындагы №36-мектеп, Токтогул районунун Кара-Жыгач айылындагы мектептин спорт залы. Баткен облусунда Чек-Ара айылындагы 320 орунга эсептелген мектеп, Чарбак айылындагы ФАП жана Ысык-Көл облусундагы Тоң районундагы Манжыл-Ата суу менен камсыздоо тутуму ишке киргизилет.