Ош ОИИБи: "Ноокатта кызга жолугууга келген жигитти 50дөй эмес, 10дой эле адам сабаган"

Ноокатта кызга жолугууга келген жигитти 50дөй эмес, 10дой эле адам сабаган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сабалган бала ооруканага жаткан эмес, милицияга да арыз менен кайрылган эмес. Кийин ал видео тараган соң гана милиция кызматкерлери барып арызын алышты. Ал оор жаракаттарды алган эмес, көгөргөн, сыйрылган жерлери бар. Андан сырткары аны сабагандар 50дөй эмес, 10дой эле адам болгон. Учурда алардын алтоо кармалды, калгандарын кармоо иш-аракеттери жүрүп жатат", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин окурман Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алганын, биринин абалы оор экенин кабарлаган. Андан кийин милициядан бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган. Көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугууга келген дагы бир жигит сабалып, алган жаракатынан улам каза болгону маалым болгон.

Ноокатта бир адамды айылдаштары ур-токмокко алды
Ноокатта бир адамды айылдаштары ур-токмокко алды-2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
suyor
2018-04-09 11:33:09
10 дой эле адам уруптур ал эч нерсе эмес деп койгула,
+32
barakcha
2018-04-09 13:13:47
suyor,аа биз 50дой киши урду деп ойлоптурбуз.Корсо 10эле киши уруптур да койо бергиле 10эле турбайбы!
+14
aIways-here
2018-04-09 11:39:57
Ондой адам сабаса да, ошол жердеги күбө болгон элүүдөй адамдын баары күнөөлүү да. Ажыратып коюш керек, же милиция чакырып коюш керек, качан гана өлүп калганда анан оозду ачпай. Буларды камабайт, ИИМ, ар биринен акча алып, жабырлануучуну "доом жок" деп, арыз жаздырып ишти жапты жапты кылышат.
Берки өлгөн баланы ургандар жонундо да маалымат алсанар болмок.
+13
aliya-leyla
2018-04-09 11:46:27
aIways-here,жанында жургондой жазасынар да
-8
aIways-here
2018-04-09 11:56:16
aliya-leyla, 50дөй адам жүргөнү көрүнүп эле турбайбы. А ургандар мейли 10 чакты. Милиция камабайт буларды, уже сөздөрүнөн билине баштаптыр. Элге толук маалымат таратышбаганы да ошондон, ишти жапты кылышат жакында.
+14
Mederbek0811
2018-04-09 13:43:34
aIways-here,туура айтасын,калган кармалбаган 40 Адам ооз жапты кылды да.
+7
Mederbek0811
2018-04-09 13:47:11
Оор жаракат алган эмес,когоргон,сыйрылган эле жерлери бар дейт.Урган тарапты актай баштаптырго.Биротоло ошол муш жеген жалгыз адам куноолуу деп койбоптур.
+8
Dembele84
2018-04-09 11:53:44
Эми кызга барыш дагы кооптуу болуп калаткен да
-4
Artyr1994
2018-04-09 12:45:14
Dembele84,сен Кыргызсын да озундун жерин
+5
nuri1
2018-04-09 11:57:19
Бир ушак мин элди бузат.
0
Dastanke2014
2018-04-09 12:12:45
10 го жакын болуп урса эч нерсе болбойт окшойт
+7
pyeon hwa
2018-04-09 12:13:12
10дойбу 50дойбу айырмасы эмне???иши кылып кылмыш кылды да!балким 100дой сабаган кайдан билиптир 10дой экенин? 1. Кармалгандар 10дой ждесе ошого ишендинер.2. Озунор 50дойду издегенден жалкоолонуп жатасынар!
+10
Sagidko88
2018-04-09 12:21:40
Чымын чаккандай да корбойт го бул окуяны милициялар. Тобоо кылдым.он адам эмес бир адам уруп кеткенден сактасын. Кенебей суйлогону туура эмес ким интервью берсе да
+9
juma11anara
2018-04-09 12:26:02
10 чактысы акча бере албады. Калган 40 акча берип кетип калды деп жооп бербептир Ош ОИИБ. Ошого ишенмекпиз.
+12
Saidochka
2018-04-09 12:46:04
Он эле дегени эмнеси,Бир адамга ону азбы?жинди ушулар
+8
BekAmir
2018-04-09 13:35:55
Ээ кырк адам акча берет. Торт адам шерик болот, алты адам мойнуна алат. Кыскасы ишти жабышат экенда...
+5
Ayida
2018-04-09 13:39:24
Беймарал 10 дой эле адам сабаган деп акмактар уяты жоктор
+3
Ayida
2018-04-09 13:39:41
1 адам сабасада чара коргулода
+3
asi.gulum
2018-04-09 13:43:31
Бири Якутскта,бири Новосибискте качып жүрөт дейт ошолорду да кармагыла Ош ШИИБи.
+6
remi.005
2018-04-09 15:47:31
Аа 10дой эле адам эч нерсе эмес экен анда...
0
remi.005
2018-04-09 15:52:59
Адам сымал макулуктар,булардын кандай акы бар ур токмокко алып сурак кылганы? Айбандар жапайы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан