Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен кийинки жумада барат. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат Алтынбек Сулайманов Тайырбек Сарпашевдин Жалал-Абад облусуна иш сапары менен эмнеге кетпегендигин түшүндүрүүнү сурады. Вице-премьер-министр сапар иш көп болгондугуна байланыштуу болбой калгандыгын белгиледи. “Биз бир катар өнөр жай объектилерин кыдыруубуз керек болчу. Иш сапар кийинки жумага жылдырылды”,- деди Сарпашев. Белгилей кетсек, 19-20-июнга пландаштырылган Тайырбек Сарпашевдин Жалал-Абад облусуна иш сапары артка жылдырылган.