Ушул жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызматта иштегендердин саны 13 914тү түзгөн. Алардын ичинен 5912си аял кишилер болгон. Бул тууралуу мамлекеттик кадр кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 13 914 кызматкердин 1778и 28 жашка чейинкилер жана 116сы 65 жаштан жогоркулар болгон.